Жаңылыктар
Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди электен өткөрүүдө
Шайлоо 2023
Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди электен өткөрүүдө

Президенттик шайлоого даярдык кызуу жүрүүдө. Адистер заманбап технология саясий жараянды таза, ачык өткөрүүгө шарт түзөөрүн белгилешет. Бирок добуштарды сатып алуу болушу мүмкүн экенин эч ким жокко чыгара албайт. Мындай ыплас ыкмага каршы атайын органдар иш алып барышат. Бирок, бул көйгөйдү жеңүүдө өлкө жарандарынын жүрүм-туруму баарынан маанилүү. 

Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди электен өткөрүүдө. Соттуулугу бар жана атайын коюлган талаптарды аткарбагандар жарыштан четтетилип жатат. Көпчүлүгү мамлекеттик тил боюнча сынактан ийгиликтүү өтүшкөнү менен 30 миң адамдын колун топтоо көпчүлүгүнө түйшүк жараткандай. Талапкерлер коюлган мындай талаптарды аткаруу менен алек болуп жатса, маанилүү саясий жараянга Борбордук шайлоо комиссиясы да даярдык көрүүдө. Мекеме эки жылдан бери тажрыйбаланып жаткан заманбап технологияларга ишеним артат.



Борбордук шайлоо комиссиясы, тиешелүү мекемелер таза шайлоо өткөрүлөөрүн жар салганы менен ага ишенгиси келбеген саясатчылар да бар. Муну айрымдар элдин колдоосуна ээ болбогондордун курулай билдирүүсү катары сыпаттайт. Учурунда унчукпагандар, эми гана “таза шайлоо” тууралуу кеп кылууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы айтып жаткан заманбап технологиялар менен жарандык коом да жакшы тааныш. Алар соңку өткөрүлгөн шайлоолорго байкоо жүргүзүп, биометрикалык маалыматтар аркылуу гана добуш берүү жана электрондук урналар саясий жараянга көлөкө түшүргөн көрүнүштөргө бөгөт коеруна ынанды. Бирок, мыйзам бузууларга биротоло чекит коюлат деген жаңылыштык. Себеби добуштарды сатып алууга каршы ыкма жаза менен гана чектелбеши керек. Бул көйгөй системага эмес, талапкерлер менен шайлоочулардын кадамдарына гана көз каранды. Биометрикалык маалыматтарын тапшырган 3 миллиондой шайлоочу бар. Бул тизме 1-октябрга чейин дагы толукталат. Учурда “Өзүңдү тизмеден текшер” аттуу маалыматтык өнөктүгү өтүүдө.