Жаңылыктар
Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын өздүктөрүн тактоонун оңой жолун иштеп чыкты
Шайлоо 2023
Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын өздүктөрүн тактоонун оңой жолун иштеп чыкты

Өзүңдү тизмеден текшер, деп айтылгандай эле. Мамлекеттик каттоо кызматы шайлоочулардын өздүктөрүн тактоонун оңой жолун иштеп чыкты. 119 кыска номуру аркылуу жарандар кайсы шайлоо участкасында тизмеде тураарын аныктап алса болот. Ал эми, Борбордук шайлоо комиссиясы болсо, шайлоочуларды тейлөөнүн сапатын арттыруу максатында бул шайлоо өнөктүгүнө жаңы ыкмаларды киргизди. POST1RIGHT

Оштогу № 5324 шайлоо участкасы алдыда болуучу шайлоо өнөктүгүнө дээрлик даяр. Добуш берүүчүлөрдүн тизмеси илинген. Тизмеден өздүгүн таппай калып, ушул шайлоо тилкеден добуш берүүнү каалагандар үчүн форма-2, форма-3 арыздары жеринде кабыл алынууда. Шайлоо комиссиясынын айтымында, бул сапар өздүгүн тактоодо жарандар активдүүлүгүн көрсөтүшүүдө. 

Мына ушундай шайлоо тилкелерине барууга шарты жок же, убактысы тарлар үчүн Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан жаңы кызмат ишке кирди. Жарандар каалаган учурда: мейли жумушта, мейли үйдө, транспортто болсун, 119 кыска номуру аркылуу кайсыл шайлоо участкасында катталгандыгын аныктап алса болот. Жиберилген буйрутма аркылуу жарандарга аталган кызматтан смс билдирүү келип түшөт. Өздүгүн тактоо өнөктүгү 30-сентябрда токтотулат.

Ал эми, ушул кезге чейин биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар үчүн аймактардагы паспорт, ЗАГС бөлүмчөлөрүндө, көчмө аппараттар уюшулган. Азыркы тапта, Ош шаары менен Ош облусу боюнча 35 биометрикалык маалымат топтоочу аппарат иштеп атат. БШК добуш берүүчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртуу максатында бир катар жаңыланууларды киргизди. Алсак,буга чейин добуш берүүчүнүн манжалары гана аныкталса, бул жолу жарандар бет түзүлүшүнүн параметри боюнча да идентификациядан өтөт. Өткөн жылдагы шайлоодо 3000 дей жаран мына ушул идентификациялоодон кетирген катачылыктарынан улам, шайлоого катыша албай калган.