Жаңылыктар
"Ак-Кула" ат майданы 2018-жылы толугу менен реконструкцияланат
Кыргызстан жаңылыктары
"Ак-Кула" ат майданы 2018-жылы  толугу менен реконструкцияланат

2018-жылдан баштап Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданын толугу менен реконструкциялоо жумуштары башталат. Мындай тапшырманы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков берип, эл аралык талаптарга жооп берген ипподром салуу зарылчылыгын белгиледи. 

Соңку учурда улуттук ат оюндарына анын ичинде бүйүрдү кызыткан көк бөрүгө кызыккандардын саны көбөйүп жатат. Көчмөн элдин көөнө оюнуна жада калса чет элдиктердин да сүрөп келгенин байкаса болот. Бабалардан калган бул оюн дүйнөнүн кыргыз элине болгон сый-урматын, таң калуусун багынтып келүүдө. Экинчи дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында улак тартыш же көкбөрү бир даңазаланса, Бишкектин ипподромунда болгон соңку таймашында көк бөрү дагы бир жолу даңкталды. Эски атмайданда көрүүчүлөрдүн көбүнө орун жеткен жок.

Чын-чынына келгенде эл сүйгөн оюнду көрүүгө шарт түзүлүшү керек. Ипподром менчиктештирилип кеткендиктен талапка жооп бере турган инфраструктура түзүлбөй келген. Атмайдан болсо жаңыланууга муктаж. Былтыр бул маселени өкмөт башчы жеке көзөмөлүнө алып, менчик ээлери менен болгон соттук териштирүүлөрдү чечип, оңдоо жумуштарына бюджеттен 300 млн сом бөлүнгөн. Бул ат майдандын жаңы көрүнүшүнүн үлгүсү. Ипподромдун маңдай бети анчейин өзгөрүлбөгөнү менен чуркоочу тилке, трибуна, бөлмөлөр толук жаңыланат. Тегерете курчаган тосмолору да жаңы болот. Орундуктардын саны көбөйтүлөт.

Ат майданды толугу менен реконструкциялоого баардыгы болуп 647 млн сом керектелет. Буга чейинки каралган каражат капиталдык оңдоо жумуштарына гана жетет. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мамлекет зарыл болгон каражатты бөлүп берүүгө даяр экенин билдирип, башкысы соттук териштирүүлөрдү чечүү тапшырмасын койду. Соттук териштирүүлөр аяктап, маселе оң жакка чечилсе эмдиги жылы атмайданда курулуш жумуштары башталат. Ипподромдун жалпы аянты 54 жарым гектарда түзөт.