Жаңылыктар
"Айтматов окуулары: маданият диалогу" аталыштагы форум өттү
Кыргызстан жаңылыктары
"Айтматов окуулары: маданият диалогу" аталыштагы форум өттү

"Айтматов окуулары: маданият диалогу". Мына ушундай аталыштагы жазуучулар жана интеллектуалдардын форуму өттү. Ага он эки өлкөдөн келген маданият ишмерлери катышты. Форумдун жүрүшүндө улуу жазуучу жана ойчул Чыңгыз Айтматовдун гуманисттик идеяларын ишке ашыруу керектиги тууралуу айтылды. “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Ливан, Египет, Кытай Тажикстан, Татарстан жана Орусиядан келген меймандар кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүнө гүл коюшту. Алар “Айтматов окуулары: маданият диалогу” аттуу Эл аралык жазуучулар жана интеллектуалдар форумуна катышуу үчүн келишкен.Жазуучунун бейитине чогулгандарды коштоп калемгердин карындашы Розетта Айтматова дагы келди.

Андан соң иш-чаранын катышуучулары эл аралык форумдун расмий бөлүгүнө өтүп, Айтматовдун ааламын талкууга алышты. Москва мамлекеттик лингвистикалык университеттин профессору Александр Бондаревдин айтымында, диалог - жөн гана пикир алмашуу болбостон, маектешип жаткан кишинин дүйнөгө болгон көз карашын түшүнүп, жаңы билимге ээ болууну билдирет.

Форумдун салтанаттуу ачылыш аземинде Президенттин Аппаратынын жетекчиси Эльвира Сариева өлкө башчынын куттуктоо сөзүн окуду. Мындан тышкары сыйлуу меймандардын катарында Орусиянын Тышкы иштер министринин орун басары Михаил Богданов бар. Ал эмиТатарстан Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин төрагасынын орун басары Римма Ратникова Татарстандын делегациясын баштап келди.

Форумдун катышуучуларынын айтымында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгында романтикалык маанай басымдуулук кылса дагы, ал өзү жогорку деңгээлдеги реалисттик көз караш менен айырмаланып тураган адам болгон. Форумдун негизги максаты - жазуучунун гуманисттик идеяларын өнүктүрүү механизмдерин ойлоп таап, аларды учурдун талабына ылайык ишке ашыруу.Мындай иш-чаралардын баары улуу жазуучунун 2018-жылы өтө турган 90 жылдык мааракесинин урматына арналып өткөрүлүүдө.