Жаңылыктар
Камсыздандырган жаран каражат алды
Кыргызстан жаңылыктары
Камсыздандырган жаран каражат алды

Өткөн жылы турак үйүн камсыздандыруудан өткөрүп койгон,бирок быйылкы жылдын май айында жер көчкү кесептинен улам турак үйү кооптуу деп табылган,Сузак районунун Кара-Алма айылынын тургунуна мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан 500 миң сомдун сертификаты тапшырылды.

Ал эми Жалал-Абад облусу боюнча өткөн жылы турак үйүн камсыздандыргандардын саны 1359 га жетсе,быйылкы жылдын 8 айында 2700 дөн ашкан. Эске сала кетсек, камсыздандыруу эрежесине ылайык,айыл жергесиндеги турак жайга жылына 600 сом, шаар жергесинде 1200 сомдон төлөнөт. Кокус кырсык болсо айыл жергесиндегилер 500 миң сом,ал эми шаардагы турак-жай ээлери 1 миллион сомго чейин каражат ала алышат.