Жаңылыктар
Көмүр шахталарындагы коопсуздук
Кыргызстан жаңылыктары
Көмүр шахталарындагы коопсуздук

Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталарынын коопсуздугу текшерилүүдө. Комиссиянын жыйынтыгына караганда көпчүлүгүндө коопсуздук чаралары сакталган эмес.

Мунун кесепетинен жыл башынан бери Сүлүктүдөгү көмүр шахталарынан 9 адамдын өмүрү кыйылган.Ушундан улам Сүлүктү шаарынын жетекчилиги лицензия берүучү органдарга бир канча ирет кайрылган.

Бирок ага карабай жеке ишкерлердин билим деңгээли эске алынбастан көмүр казууга уруксат кагаздары берилип жатат. Буга чейин көмүр өндүрүүчү аймакта эле 400дөн ашуун кооптуу жерлер бар экени аныкталган.