Жаңылыктар
Орзубек Назаровдун кызы жол кырсыгына кабылды
Кырсык
Орзубек Назаровдун кызы жол кырсыгына кабылды

18-августтан 19-августка караган түнү Чүй-Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды. Түнкү саат 1:30 дар чамасында "Сузики" маркасындагы мотоцикл менен "Тайота Пассо" үлгүсүндөгү авто унаа кагылышып, мотоциклдин айдоочусу каза болгон.

Ал эми аркасындагы учкашып бара жаткан 17 жаштагы кыздын абалы оор.Кийинчерээк маалым болгондой ал белгилүү боксчу Орзубек Назаровдун кызы Аделина Назарова экендиги маалым болду. Орзубек Назаровдун "Азаттыкка" билдиришинче азыр ага бардык топтогу кан зарыл болуп жатат.

Аделина Назаровага кан тапшырууну каалагандар Бишкек жана Ош шаарларындагы кан борборлоруна кайрыла алышат.Учурда кырсыктын себептери иликтенүүдө.