20-августта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында, казак-кыргыз айтышына тандоо туру өттү. Калыстар тобу каттоодон өткөн 45 акындын ичинен эң жогорку баага татыган 8 акынды аныктады.
Бул 30-31-августа Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чоң залында өтө турган 11-эл аралык айтыштын байге фонду 2 миллион сом, казак-кыргыз төкмөлөрүнө кош байге берилет. Аны уюштурчу жана демөөрчүлөр:Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, “Айтыш” фонду, Тууганбай Абдиев атындагы жана “Ак фонд”.
Зинакан Кайыпова, “Биринчи радио”