Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, Эмгек кодексине ылайык, Кыргызстанда 31-августтан 4-сентярбга чейин төрт күн эс алуу күнү деп жарыяланат.
Анткени 31-август - Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын күнү - календарда кызыл менен белгиленип, эс алуу күнү болуп саналат. Мындан тышкары, өлкөнүн мусулмандар башкармалыгы 1-сентябрды Курман айт майрамы катары белгилешти.
Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык "Курман айт" иш күнү болуп эсептелбейт. Ал эми 2-3-сентябрь ишемби, жекшембиге туура келет. Ошентип Кыргызстанда төрт күн катары менен эс алуу күнү болот.