Жаңылыктар
Ажо болгусу келгендердин саны азая баштады
Шайлоо 2023
Ажо болгусу келгендердин саны азая баштады

Президенттик шайлоо жакындаган сайын ат салышкандардын саны азая баштады. Ажолук кызматка ат салышуу үчун катталган 59 талапкердин саны 50 адамга кыскарды. Алардын айрымдары тил сынагынан өтпөй, кээ бири өз каалоосу менен арыз жазып, кээси түрдүү себептерден улам жарыштан четтетилди. Мурдагы парламенттик жана президенттик шайлоолордо талапкерлердин өздөрүн тизмеден таппай калган учурлары, добуш сатып алуу аракеттери көп болгонун эске алганда алдыдагы шайлоодо да мындай алешемдиктердин болушу мүмкүнбү деген ой коомчлукта курч бойдон турат. 

Эске сала кетсек, Акаев Бакиев учурунда шайлоолор алдын ала белгилүү боло калчу. Анда бийликте ким турса ошол тарап өтөрү пландалып элге анчалык жаңылык болгон эмес дешет талдоочулар. Ал эми шайлоо реалдуулукка жакыныраак. Анткени азыр коомчулук ким президент болорун билбей башы катып турат. Ошол эле учурда жеңишке ээ болгон талапкер же партия 100 пайыз эмес, анын жарымы мене жеңишке ээ болууда. Мындай шайлоонун жыйынтыгын эл аралык байкоочулар да белгилешүүдө.  Учурдагы оппозиция чынында жалаң Бакиевдин жакын кадрлары экени талашсыз. Алардын көпчүлүгү Бакиевдин маалында мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркалаган. Эми алардын көпчүлүгү бийликке каршы чыгып президенттик шайлоого аттанып жатканы коомчулукта кайчы пикирлерди жаратып келет.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"