Жаңылыктар
Өзгөн районунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Кырсык
Өзгөн районунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргыз Республикасынын сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык, 21-августка караган түнү саат 01:51де өлкө аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан аймагында, Ор-Казган айылынан 5 чакырым түштүк-чыгышта, Ак-Терек айылынан 10 чакырым түндүк-чыгышта, Канжыга айылынан 12 чакырым түштүк-батышта, Тосой айылынан 12 чакырым түндүктө катталган.

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Ор-Казган, Канжыга, Ак-Терек, Тосой, Жийде айылдарында 4,5 балл, Салам-Алик, Зергер, Ничке-Сай айылдарында 4 балл, Жалал-Абад шаарында 3 балл сезилген. Алдын ала алынган маалымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.