Жаңылыктар
Кыргызстан Өзбекстанга товарларды экспорттоого кызыкдар
Экономика
Кыргызстан Өзбекстанга товарларды экспорттоого кызыкдар

Кыргызстан Өзбекстанга тамак-аш, кайра иштетүү, тигүү жана башка товарларды экспорттоого кызыкдар. Ал эми, биздин мамлекет коңшу өлкөдөн минералдык ресурстарды, пахта сырьёсун, автомобиль өнөр жай продукцияларын жана медициналык буюмдарды импорттоого даяр. Ал үчүн кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттердин ишин кайра калыбына келтирүү кажет. 

Бул тууралуу Бишкекте эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунда белгилүү болду. Өзбек өкмөтүнүн башчысы Абдулла Ариповдун өлкөгө болгон иш-сапарында чек ара маселесинен сырткары соода-экономикалык алакаларды жакшыртуу маселелери да талкуулаганга жетишти. Ал өзбек тарап товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө баардык күч аракеттин жумшай тургандыгын да билдирди. 

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"