Жаңылыктар
Бишкек көчөлөрүнүн көркүн бузган жайлар түртүлүп, тазаланууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек көчөлөрүнүн көркүн бузган жайлар түртүлүп, тазаланууда

Бишкек шаарындагы негизги көчөлөрдө жайгашкан мыйзамсыз курулуш материалдарын саткан ишкерлерге мыйзамдын негизинде иш алып баруу боюнча Мамэкотехинспекция текшерүү жүргүзүп, ирээтке келтирүү талабын койду. 

Тагыраак айтканда, Бишкек шаарындагы Анкара көчөсүндө жана шаардын четиндеги негизги көчөлөрдөгү баш аламан жайгашкан үйлөр, соода сатык жайлары, суюлтулган газ сатуучу унаалар жана көңүл ачуучу жайлар жолду таарытып коопту абалды жаратууда.

Ошондой эле, ирээтсиз жайгашкан соода сатык жайлары борборго кирип келе жаткан көчөлөрдүн көркүн бузууда. Буга байланыштуу Мамэкотехинспекциясы шаардын негизги көчөлөрүн ирээтке келтирүү талыбын койду. Бүгүнкү күндө мындай маселе бир гана Бишкек шаарында эмес жалпы өлкө боюнча катталып келет. 2016-жылдын башталышы менен Республика боюнча негизги жолдорду ирээтке келтирүү аракети активдүү жүрүп келет. Анын негизинде Баткен, Ош, Талас шаарларында жана Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө бир нече мыйзамсыз жол жээгиндеги соода сатык жайлары жана курулуш сатуучу күркөлөр тазаланып, түрттүрүлгөн. 

Бул жылдын эсебинен бир нече жол жээгиндеги соода сатык түйүндөрүнө эскертүү кагаздары таркатылып берилген тараптар, талаптарды аткарбагандыгы үчүн былтыркыга салыштырмалуу 60 пайызга тазаланды.