Жаңылыктар
Кыргызстан курамасы Монголия менен боло турган беттешине чыккан жок
Спорт
Кыргызстан курамасы Монголия менен боло турган беттешине чыккан жок

Казакстандын Астана шаарында 21-27-август аралыгында көк бөрү боюнча өтө турган Дүйнө чемпиондугунун алкагында Кыргызстан курама командасынын алгачкы беттеши болбой калды. 

Кыргыз курама командасы Монголия менен саат 9:00дө беттешмек. Бирок курамабыз оюн талаасына чыккан жок. Жобо боюнча, Кыргызстан курамасына техникалык жеңилүү берилди (Кыргызстан 0:7 Монголия). 

 Эске сала кетсек, жалпы мелдешке 12 курама команда ат салышып, 2 тайпага бөлүнгөн. Курамабыз "А" тайпасына туш келип Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия жана АКШ курамалары менен таймашат.