Жаңылыктар
БШК: Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер болуп катталды
Шайлоо 2023
БШК: Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер болуп катталды

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова дагы бир талапкерге тиешелүү күбөлүктү тапшырды. Бул сапар Сооронбай Жээнбеков президенттикке талапкер болуп катталды. 

Жээнбеков 46 миң кол топтоп, тил сынагынан 94,6 упай алган. Президенттик шайлоо Кыргызстанда 15-октябрда өтөт. БШКнын расмий каттоосунан буга чейин "Ак Шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев жана "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өтүп, президенттикке талапкер деген күбөлүк алган. 

Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазууну чечкенин, бул маселе боюнча бүгүн түштөн кийин президент Алмазбек Атамбаев менен жолугарын айтты.