Жаңылыктар
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жылдык отчетун берди
Экономика
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жылдык отчетун берди

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду 2016-жылы 637 бизнес-долбоорду жактырып, жалпысынан 175 миллион доллар сарптаган. Быйыл 7 айдын ичинде 246 миллион долларга 761 долбоор каржыланган. 

Фонддун ишинин негизги багыты - өзүн-өзү актоочу долбоорлорго насыя берүү, ошондой эле Кыргызстандагы чарба субъектилерине, экономиканын артыкчылыктуу тармактарын орто жана узак мөөнөттүү каржылоо болду. Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактары катары агроөнөр жай комплекси, тигүү жана текстиль, кайра иштетүү, тоо-кен жана металлургия өнөр жайы, транспорт, инфраструктураны, анын ичинде энергетиканы өнүктүрүү багытындагы долбоорлор каржыланган. 

Ошондой эле, Кыргызстандын стратегиялык объектилеринин тизмесиндеги ишканалар - “Манас” Эл аралык аба майданы, “Текстиль транс” фабрикасы, “Кошой” жана “Кайыңды-Кант” заводдорунун ишин жакшыртуу максатында насыялар берилген.