Жаңылыктар
Кыргызстанда 1-октябрдан баштап пенсия жогорулайт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда 1-октябрдан баштап пенсия жогорулайт

1-октябрдан баштап Кыргызстанда пенсия жогорулайт. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бир катар токтомдорго кол койду. 

Бул документтер пенсионерлердин жашоо деңгээлин мындан ары колдоо максатында «Мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндөгү» токтомдун негизинде кабыл алынды. Социалдык фонддун төрагасы Теңизбек Абжапаровдун айтымында, республика боюнча пенсиянын орточо өлчөмү 516 сомго жогорулап, 5 миң 517 сомду түзөт.