Жаңылыктар
Ош шаарында эски жөрөлгө менен “Кербен сарай” жүрүш алды
Маданият
Ош шаарында эски жөрөлгө менен “Кербен сарай” жүрүш алды

Ош шаарында "Ош-Фест-2017" аталышында туристтик фестиваль болуп өттү. Улуу Жибек жолундагы байыркы Ош шаарын дүйнө элдерине таанытууга багытталган иш-чарага чет элдик туристтер, Борбордук Азиядагы мамлекеттерден келген коноктор, жергиликтүү эл жана бийлик өкүлдөрү катышты.

Чыныгы кербен көчүн элестететип, кайрадан эски жөрөлгөгө жан киргизген “Кербен сарай”, Исанов көчөсүнөн шаардын борборун көздөй жүрүш алды. Түрдүү түстөргө боелгон буюмдар жүктөлгөн төөлөр, керней-сурнайлардын жаңырыктары менен коштолуп, калаанын ичин аралай жүрдү. Дал ушинтип, бул жагы Кытай, Кашкар экинчи жагы Иран, Арабия өлкөлөрүнөн келген соодагерлер Фергана өрөөнүнө жеткенде эле, алгач Ош шаарына кирип, тыныгуу жасап, жүк чечип, эс алган.