Жаңылыктар
Кореялык режиссерлер киносериалдарды тартуу сырлары менен бөлүшөт
Маданият
Кореялык режиссерлер киносериалдарды тартуу сырлары менен бөлүшөт

Бишкекте медиа чөйрөдө эмгектенген адистердин билимин жогорулаткан атайын семинар башталды. Анда Коомдук телеберүү корпорациясы, кореялык продюсерлерди даярдоо институту жана Медиа байланыштардын республикалык окуу борбору “Газпром Кыргызстан” компаниясынын колдоосу менен продюсер, журналист, оператор жана кино жаратуучулар үчүн атайын семинар уюштурууда. 

Кореялык адистер аз убакыттын ичинде Кыргызстандагы кесиптештери менен камыр-жумур иштеп, кореялык киносериалдарды тартуунун өзгөчөлүктөрүн жана көңүл ачуучу программаларды жаратуунун сырларын бөлүшөт. Семинар 21-августтан 25-августка чейин Бишкекте өтөт. 

“Семинарга өз ишин мыкты билген кореялык продюсерлер катышат. Мисалы, “Байдын кызы” сериалынын продюсери Ли Ын Жин келет. Мунун кинолору дүйнө жүзүнө кеңири тараган. Ошондой эле МВС каналынын көркөм жетекчиси Жанг Тхе да келет. Менимче бул тажрыйба алмашуу абдан кызык өтүп, эки тарапка тең пайдалуу болот деп турам",- деди Кореянын продюсерлик жана режиссёрлук институтунун окуу бөлүмүнүн жетекчиси Мун Жонг Шин.