Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун отставка тууралуу арызын кабыл алды
Саясат
Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун отставка тууралуу арызын кабыл алды

Өкмөттүн толук курамда чогулган соңку жыйында Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка ат салышып жаткандыгына байланыштуу отставкага кетүүгө арыз бергенин билдирген. 

Сооронбай Жээнбеков жетектеп турган өкмөт бир жыл төрт ай иштеди. Бул убакыт аралыгында анын жетекчилиги алдында өкмөт туруктуулукту камсыздап, мыкты макроэкономикалык көрсөткүчтөргө жетишкенин белгилеп, учурда экономиканын өсүү темпи 6,9 пайызга жеткенин айтты. Ошол эле учурда аймакты өнүктүрүү, айыл чарбасын каржылоо, ишкерчиликке шарт түзүү, жеңил өнөр жайын колдоо боюнча бир катар долбоорлор ишке ашты. Муну менен катар энергетика, транспорт, маалымат жаатындагы инфраструктураларды өнүктүрүүгө артыкчылык берилип, экономиканы ЕАЭБ шартына ыңгайлаштыруу жана чек ара маселелери боюнча чоң жетишкендиктер болду. 

Сооронбай Жээнбеков бирге иштешип, жоопкерчиликти чогу көтөргөн өкмөт мүчөлөрүнө ыраазычылык билдирип, министрлер кабинети саясий процесстерге аралашпай, чарбаны, экономиканы көтөрүүнүн үстүндө иштеди - деп билдирди.

Ошондой эле, президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун отставка тууралуу арызын кабыл алгандыгы белгилүү болду. 

“Премьер-министр кызматында Сизге жүктөлгөн ишенимди толук  актадыңыз деп эсептейм.  Сиз жетектеген кабинет мен президент болгон мезгилдеги  эң жакшы өкмөт болду”,- деп баса белгиледи мамлекет башчысы.