Жаңылыктар
Ала-Бука: көпчүлүк күткөн курулуш иштери
Кыргызстан жаңылыктары
 Ала-Бука: көпчүлүк күткөн курулуш иштери

Айыл өнүксө, өлкө өнүгөт... Элет жериндеги элди түйшөлткөн социалдык көйгөйлөр акырындап чечилүүдө. Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагында көпчүлүк көптөн күткөн маданият үйүнүн курулушу жана район менен байланыштырган жолду оңдоо иштери кызуу жүрүүдө. 

Түнкүсүн жарык берүүчү чырактар 1-Май айылынын борбордук көчөсүнө орнотулган. Мындан сырткары айылдын чоң-чоң делинген 3 көчөсүнө да түнкү чырактар койулган.Жалпы 4 көчөгө 4 чакырымдай жарыктар тартылып,2 миллион сомдон ашуун акча каражаты сарпталган. Жарктандыруудан сырткары Ажек айылында 250 орундуу жаңы маданият үйүнүн курулуш жүрүүдө.15 миллион сомдук маданият үйү 2 кабат болуп курулат. Эгер бул курулуш бүтсө ,айылдагы алдыңкы социалдык мекемелердин бири болуп калат.

1-Май айыл аймагы район борборунан 60 чакырымдай алыс туруп,айыл менен районду байланыштруучу жалгыз жол ушул.Бирок бул каттамда жаз,күз айларында жүрүү түйшүк жаратат. Анткени жолдун айрым жерлери сай жээгине жакын болгондуктан,келген суу жолду жеп кетет. Быйыл маселелерди жөнгө салуу үчүн Унаа жана байланыш министирлиги тарабынан 7 миллион сом бөлүнүп,жолду кеңейтүү иштерин жүрүүдо. Белгилей кетсек 1-Май айыл аймагы коңшу Өзбекстан өлкөсү менен чектешип,6 айылдан туруп,15 миңден ашуун калкы бар.Элдин жашоо тиричилиги мал жана айыл чарбасы менен тыгыз байланышат.