Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбековдун өкмөттөгү соңку жыйыны
Саясат
Сооронбай Жээнбековдун өкмөттөгү соңку жыйыны

Ал арада өкмөттү бир жыл төрт ай жетектеген Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында өкмөттүн толук курамы соңку жыйынга чогулду. Жээнбеков бул аралыкта өкмөт аткарган жумуштарды тизмектеп, жоопкерчиликти чогуу көтөргөн өкмөт мүчөлөрүнө ыраазычылыгын билдирип, журналисттер менен да чай үстүндө баарлашты. 

Жээнбековдун жетекчилиги алдында өткөн өкмөттүн соңку отурумуна министрлер кабинети толук курамда чогулду. Сооронбай Жээнбеков жыйынды ачып, дароо эле премьер-министрлик кызматтан чегингенин жарыя кылды. 

“Шайлоонун ачык-айкын, таза өтүшү, элдин чыныгы тандоосун камсыз кылуу, айрым саясатчылардын курулай шек саноосуна эч кандай шылтоону болтурбоо - мен үчүн өтө маанилүү. Менин моралдык принциптерим мени кызмат абалынан пайдаланды деген дооматтардын жаралышына жол бербейт. Ошондуктан мен премьер-министр кызматын тапшырып берүү чечимин кабыл алдым”, - деди Сооронбай Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков бир жыл төрт айда өкмөт элге пайдалуу бир катар натыйжалуу жетишкендиктерди багындырганын белгилеп, бул жоопкерчиликти чогуу көтөргөн өкмөт мүчөлөрүнө ыраазычылыгын билдирди. Иштиктүү аракеттин натыйжасында өкмөт туруктуулукту камсыздап, жакшы макроэкономикалык көрсөткүчтү камсыздай алды, учурда экономиканын өсүү темпи 6,9 пайызга жетти. Бюджетке түшкөн салыктын өлчөмү көбөйүп, калк муктаж болгон социалдык объектилер курулуп жатат... Айыл чарба, туризм, жол, социалдык жана энергетика тармактарын өнүктүрүү долбоорлору ийгиликтүү ишке ашууда --бул “Жеткиликтүү турак жай”, “Айыл чарбасын каржылоо-5”, “Ирригацияны өнүктүрүү”, “аймактарды өнүктүрүү концепциясы”. Ал эми ЕАЭБ шартына ыңгайлашуу багытында чек ара көзөмөл өткөрүү бекеттери, фитосанитардык жана ветеринардык лабораториялар курулду, модернизация болду. Бул көрсөткүчтөр иш билги команданын аракети менен жүзөгө ашырылды-деди Жээнбеков.

Ошентип Сооронбай Жээнбеков аткарылган жумуштун негизгилерин белгилеп, өкмөт жыйынын жыйынтыктады. Өкмөт мүчөлөрү ага ызаат көрсөтүп көпкө чейин кол чаап узатып турушту.