Жаңылыктар
Көк бөрүдөн кыйкым издегенде...
Спорт
Көк бөрүдөн кыйкым издегенде...

Астанада өтүп жаткан "Көк бөрү" боюнча дүйнөлүк биринчиликте Кыргызстандын курама командасы биринчи оюнга чыгаар алдында эле тоскоолдуктарга учураганы да көпчүлүктүн эсинде көпкө калчудай. 

Анда Казакстандын көк бөрү федерациясы мурда оюнда кездешпеген ыкмаларды айтып, биздин кураманы оюндан четтетүүгө аракет кылышты. Бирок сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен алардын койгон шарты суу кечпей калды. 

21-августта таң эрте интернетке Астанада өтүп жаткан көк-бөрү боюнча дүйнө биринчилигинде Кыргызстандын курамасы беттешке чыкпай туруп эле утулду деген маалымат таркап кетти. Буга себеп казак тарап кыргызстандан барган аттардын арткы такаларын чечкиле деген талап койгон. Мекендештерибиз андай болсо мелдешке чыгуудан баш тартабыз деп, техникалык себептен улам жеңилүү ызасын тартышкан. 

Бирок калыстар тобунун коллегиясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп, Монголия жана Кыргызстан командаларынын ортосундагы оюн кайра уюшулмай болду. Чечим Казакстандын Маданият жана спорт министрлиги, көк бөрү федерацияларынын президенттери менен жолугушуунун алкагында чечилди. Ал эми дүйнөлүк чемпионатты өткөрүүнүн эреже шарттарынын жобосунда аттын арткы туяктарына тагылуучу така жөнүндө эч нерсе жазылган эмес.

Мындай көз жоосун алган оюн көчмөндөр оюндарында Кыргызстан менен Казакстандын финалдык беттешинде орун алган. Анда казакстандык көк-бөрүчүлөр 15:3 эсебинде жеңилген болчу.