Жаңылыктар
Эгемендүүлүк Кыргызстанда кандай бааланууда?
Кыргызстан жаңылыктары
Эгемендүүлүк Кыргызстанда кандай бааланууда?

Дүйнөдө сан жагынан көп, бирок мамлекети жок көптөгөн эл жашайт. Миңдеген жылдарды камтыган адамзаттын тарыхында, алардын айрымдары тарыхый маалыматтарда учкай эскерилсе, кээ бирлери азыркы күнгө чейин ата-бабалары бир кездерде улуу державаны түптөгөндүгүн айтышканы менен алакандай жерге ээ боло албай, баш көтөргөнүнүн башы кыйылып кан төгүп келишет. “Кырылган сайын күчөгөн, түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз”, - деп эл оозунда айтылып келгендей, кыргыз кыргыз болуп жаралганы нечендеген  оор тагдырды  баштан кечире, бирок жараткандын мээри түшкөн эл экен, бүгүнкү күнгө чейин  мамлекетин сактап,  өз алдынча мамлекет катары өмүр сүрүп келет. 

Сан жагынан аз болсок да, дүйнөдөгү көп  калктуу өнүккөн башка мамлекеттердей эле эл аралык деңгээлде  кадыр-баркка ээ болуп, саясий, экономикалык, социалдык туруктуулук  калыптанды дешет тарыхчылар. Деген менен өлкөнүн  союздун курамынан  чыгышын оңой  көргөн  айрым көзүнө  бийлик, байлык, мансаптан башка  эч нерсе көрүнбөгөн көөдөнү бош жарандары мамлекеттүүлүктүн, эркиндиктин баасын  сезе бербей жатышат дешет алар. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"