Жаңылыктар
Өлкөнүн айрым аймактарына айыл деген макам берүү демилгеленүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөнүн айрым аймактарына айыл деген макам берүү демилгеленүүдө

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик беш аймакка айыл деген макам берүүнү демилгелеп жатат. 

Бул ченемди камтыган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Агенттиктин ырасташынча, эл жашаган 150гө чукул аймактын атайын макамы жок. Алардын ичинде Ош облусундагы Бодур-Таш, Жапалак, Медресе, Мээркан жана Качыбек аймактары бар. 

Маалыматка ылайык, аталган аймактардын жашоочулары чогулуш өткөрүп, айыл деген макам алуу чечимин кабыл алган. Чечим жергиликтүү бийлик жана айылдык депутаттар тарабынан бекитилген. Учурда бардык тиешелүү документтер толтурулду. Мамлекеттик агенттик, эгерде беш аймакка айыл макамы берилсе, бир топ көйгөйлөр чечилерин кошумчалады.