Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин премьер-министрдин да милдетин аткармак болду.
Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон “Премьер-министрдин милдетин аткаруучу жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык Сооронбай Жээнбеков берген арызына ылайык премьер-министрдин милдетин аткаруудан расмий түрдө бошотулду. Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.