Жаңылыктар
Өкмөт: мыкты делген макроэкономикалык көрсөткүчтөр орун алды
Экономика
Өкмөт: мыкты делген макроэкономикалык көрсөткүчтөр орун алды

Өкмөт экономикалык жана социалдык маселелерди чечүүгө басым жасагандыктан өлкөдө жакшы макроэкономикалык көрсөткүчтөр орун алды. Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматтан кетип жатып, азыркы күндө экономиканын темпи 6,9 пайызга жетип, экспорттун көлөмү 30 пайызга көбөйгөнүн маалымдады. Айтымында, ЕАЭБке интеграциялашуу алкагында бир катар жумуштар аткарылып, ишкерлерди колдоого өзгөчө көңүл бурулган. 

Аймактарды өнүктүрүү концепциясынын алкагында биринчи кезекте өнүгө турган 20 шаар тандалып, калктуу конуштарды таза суу менен камсыздоого арналган 2026-жылга чейинки стратегия дагы кабыл алынган болчу. Анын алкагында 657 айылда, 22 шаарда жана 26 райондун борборунда суу түтүк системаларын куруу жана реабилитациялоо жүргүзүлөт. Ал эми 2016-жылы агрардык секторго 4,8 млрд сом суммадагы кредит берилсе, быйыл анын көлөмүн 7 млрд сомго чейин жеткирүү жагы каралган. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө берилген кредиттердин үстөк пайызы  6 пайызга чейин төмөндөтүлүп, бардык тармактар үчүн кредиттерди жабуу мөөнөтү 36 айга чейин узартылды. Ошондой эле  экономиканы ЕАЭБке интеграциялоо алкагында бир топ жумуштар аткарылууда.

Белгилей кетсек, өлкөнүн эл аралык аброюн көтөргөн чоӊ иш-чараларга өкмөт жигердүү катышып, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен Алтай цивилизациясына арналган  иш-чаралар, Кыргыз Республикасынын төрагалык кылуусу менен Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин юбилейлик жыйыны, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин юбилейлик жыйыны, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындары  ийгиликтүү өткөрүлүп, эки тараптуу мамилелерди жакшыртууга өзгөчө көнүл бурулган.Бир катар өлкөлордүн расмий өкүлдөрүнүн катарында Өзбекстандын премьер-министри дагы Кыргызстанга келип кетти.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"