Жаңылыктар
Кыргызстандын тышкы карызы 3 миллиард 600 миллион доллардан жогору
Экономика
Кыргызстандын тышкы карызы 3 миллиард 600 миллион доллардан жогору

Финансы министрлиги өлкөнүн тышкы карызы ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашпашы керек деген чектөөнү алып салууну сунуштап жатат. Анын ордуна башкача чек киргизүү демилгеленүүдө. Сырттан алынган каражаттардын көпчүлүгү энергетикалык, транспорттук ири долбоорлор үчүн жумшалган. Атайын өткөрүлгөн жыйында министрлик анын натыйжалуулугу жогору экенине ишендирсе, жыйынга катышкан айрым жарандык коомдун өкүлдөрү тышкы карызга байланыштуу көп суроолору жоопсуз калып жатканын айтышты.

Кыргызстандын учурдагы тышкы карызы 3 миллиард 600 миллион доллардан жогору. Финансы министрлигинин маалыматына таянсак бул Ички дүң продукциянын 55тен 64 пайызга чейинки көлөмүн түзөт. Мындай так эмес көрсөткүч улуттук валютанын абалына, өлкөнүн өзүнүн чыгарган статистикасынын сомго негизделгенине байланыштуу.  Мыйзамга ылайык тышкы карыз Ички дүң өндүрүмдүн 60 пайызынан ашпашы керек. Министрликтин карыздар боюнча башкармалыгынын башчысы Бакыт Сыдыков бул ченемден өтүп кетүү өлкө дефолтко кабылды деген жаңылыш түшүнүк экенин белгилейт.

Тышкы карыз Ички дүң продукциянын 60 пайызынан ашпашы керек деген ченемди алып салып, рыноктун абалына жараша аракет көрүү сунушталууда. Айрым насыялардын мөөнөтү узун же пайыздык үстөктөрү төмөн болгондуктан чочулоого негиз жок деген жүйөө келтирилди. Министрлик Тышкы карыз өлкө бюджетинен эки жарым эсеге көп болбошу керек деген жаңы чекти талапка ылайык деп эсептейт. Ошондой эле карыздарды төлөөнүн көлөмү да көрсөтүлгөн. Ал республиканын бюджетинин 20 пайызынан жогору болбойт. Буларды камтыган мыйзам долбоору учурда Юстиция министрлигинин элегенинен өтүүдө. Бирок, жыйынга чогулган жарандык коомдун өкүлдөрү карыздардын көлөмү, аларды төлөөнүн тартиптеринен да тышкы карыздын эсебинен ишке ашып жаткан долбоорлордун натыйжалуулуган өзгөчө кызыгышты.

Ал эми Финансы министрлиги болсо тышкы карыздын эсебинен каржыланып жаткан долбоорлор жалпысынан натыйжалуу ишке ашып жатканын белгиледи.

“Албетте, ар бир долбоор ишке ашкандан кийин анын  натыйжалуулугу боюнча отчеттор талап кылынат. Алардын өзүнүн багытына жараша  тиешелүү министрликтер жооптуу. Биз мезгил-мезгили менен жыйынтыктарынан кабар  алып турабыз. Жалпысынан долбоорлор өз деңгээлинде керектүү багытта ишке ашып  жатат”.

Сырттан алынган каражаттардын көпчүлүк бөлүгү энергетикалык, транспорттук ири долбоорлорду каржылоого жумшалган. Ал эми төлөө жагын эске алсак, былтыр тышкы карыз үчүн 7  миллиард 483 миллион сом бөлүнгөн.