Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаев өкмөттүн жаңы курамын кыска мөөнөттө түзүү зарылдыгын белгиледи
Саясат
Алмазбек Атамбаев өкмөттүн жаңы курамын кыска мөөнөттө түзүү зарылдыгын белгиледи

"2017-жылдын 15-октябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын жаңы президентин шайлоонун алдында өлкөнүн мамлекеттик аткаруу бийлиги кыйла туруктуу жана натыйжалуу болушу керектигин эске алып, өкмөттүн толук жаңы курамын кыска мөөнөттө түзүү зарыл деп эсептейм", - деп билдирди президент Алмазбек Атамбаев парламенттик көпчүлүк коалициясынын фракция лидерлери менен болгон жолугушууда. 

Анда мамлекет башчысы - мен Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбековго өкмөттүн жаңы курамын түзүү максатында 2017-жылдын 25-августунда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу тууралуу кат менен кайрылдым, - деди. 

Президент ошондой эле, президенттик шайлоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү менен бирге, жаңы өкмөттүн алдында кышка даярдык көрүү жана күзгү талаа жумуштарын өткөрүү боюнча маанилүү милдеттер тургандыгын баса белгиледи. Президент менен жолугушууга КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков жана "Бир Бол" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов катышышты.