Жаңылыктар
"Мегаком" компаниясынын акциялары тике сатуу ыкмасы менен сатыкка коюлат
Экономика
"Мегаком" компаниясынын акциялары тике сатуу ыкмасы менен сатыкка коюлат

Уюлдук оператор "Мегаком" компаниясынын акциялары тике сатуу ыкмасы менен сатыкка коюлат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Болсунбек Казаков билдирди. Анын айтымында мурдагы аукциондорго арыздар түшпөгөндүктөн аукциондор болгон жок деп табылган.

Буга байланыштуу "Альфа Телеком" жабык акционердик коомунун же "Мегаком" соода маркасынын 100 пайыз акциясын тикелей сатуу боюнча чечим кабыл алынды - дейт Казаков. 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын айтуусунда "Мегаком" компаниясынын акцияларынын 100 пайыздык пакетин сатып алууну каалаган инвесторлор 13 миллиард 500 миллион сомдон кем эмес сумманы сунушташы керек. Сунуштар 25-сентябрынан кеч эмес мөөнөткө чейин кабыл алынат.

"“Мегаком" компаниясын тикелей сатуу чечими кабыл алынды. Инвесторлор “Альфа Телеком” ЖАКтын акцияларынын 100 пайыз мамлекеттик пакетин тике сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү тууралуу чечим кабыл алынды. Арыздар 25-сентябрга чейин кабыл алынат. Тикелей сатуу деген. Баасы болсо 13 млрд 500 млн сом. Мындан кем сумма сунуштабашы керек",- деди Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Болсунбек Казаков.