Жаңылыктар
15 жаштагы баланын асынып өлүшүнө мечитте айтылган сөз себепкерби?
Дин
15 жаштагы баланын асынып өлүшүнө мечитте айтылган сөз себепкерби?

Карачечекей   уулунан ажыраган ата мектепти бүтмөйүн, окуучуларды мечитке көп жолотпош керек деген ойдо калганын Биринчи  радиого  билдирди. Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу Мээркан айылынын тургуну Базарбек Чоңмурунов 15 жаштагы уулунун асынып өлүшүнө мечитте айтылган ар кандай маалыматтар себепкер болушу мүмкүн деген пикирде. Ал  арада  коомчулукта  мечит, медреселердеги таалим  берүүнүн  стандартка  ылайык  усулдары  иштелип  чыгып,  имамдардын   билим  деңгээли  кылдат  текшерилиши  керек  деген  пикирлер  айтыла  баштады. 

Мээркан айылынын тургуну    Базарбек   Чоңмурунов 15 жаштагы уулунун асынып өлүшүнө мечитте айтылган ар кандай маалыматтар себепкер болушу мүмкүн    деген  ойдо .    Анын  айтымында   8 -класста  окуган  уулу    акыркы    15-20   күндөн тарта мечитке каттап, өлүм, каза болуп калган адамдар туурасында маалыматтарды көп айтып келе баштаган. Уулунан  күтүүсүз   ажыраган    ата    бул   окуядан   кийин   мектепти бүтмөйүн, окуучуларды мечитке көп жолотпош керек деген пикирде калганын билдирди.                

Бирок,  бул  окуя  боюнча   кылмыш  иши  козголгон  эмес.  Анткени,   ата-энеси доосу    жоктугун   айтып, сөөктү соттук-медициналык экспертизага    кылууга  каршы  болушкан.  Ал  арада  коомчулукта  мечит ,  медреселердеги    билим,  таалим  берүү  маселеси  тыкыр  көзөмөлдүккө  алынышы  керек  деген    маселе  кайрадан  жанданды. Дин  таануучу  Садыбакас   Доолов  көпчүлүк   имамдардын   билим  денгээли  талаптагыдай  эмес  экендигин жашырбайт.

Улуттук  коопсуздук  мамлекеттик  кызматынын   өкүлү  Рахат  Сулайманов   мектеп  жашындагы  балдарга     диний   билим  берүүдө ата-энелеринин   кайдыгерлиги  да  себеп  болуп  жаткандыгын  белгилейт.

Окуучулардын     мечиттерге   көбүрөк   каттап,  ыйман,  адеп-ахлак  тууралуу   билим  алууга  ынтызарлыгы  жакшы  экендигин,  бирок,  алар  кандай  билим  алып,  кимден  окуп  жаткандыгына  маани  берилбей  жатышы  олуттуу  коркунуч  экендигин коопсуздук  маселелери  боюнча  талдоочу  Токон  Мамытов  айтат.

 Ал  арада  коомчулукта  жаралган   мечит,  медреселердеги  билим  берүү  көйгөйлөрүнү  жаралышынан  улам,   Кыргызстан  мусулмандар  диний  башкармалыгы      дин, адеп-ахлак сабагын башка сабактардай кылып мектеп программасына киргизүү  сунушун  көтөрүүдө.   ИИМдин   маалыматында, өткөн жылы Ош шаары боюнча жашы жете элек 14 өспүрүм жанын кыйса, анын үчөөсү кыздар, 11и эркек балдар болгон.