Жаңылыктар
Кыргызстан курама командасы Өзбекстанды 11:2 эсебинде утту
Спорт
Кыргызстан курама командасы Өзбекстанды 11:2 эсебинде утту

Кыргызстандык көк бөрүчүлөр Казакстанда өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунда экинчи атаандашы Өзбекстандын курама командасын 11:2 эсебинде утту. 20-августта башталган таймаштар жыйырма сегизине чейин уланат...Мелдешти түз көрсөтүү мүмкүн болбой турат. Себеби, коңшу өлкөнүн түз эфирге керектүү бардык тележабдуулары ЭКСПО-2017 дүйнөлүк жарманкесин чагылдырууга колдонулуп жатат. Бирок "КТРК спорт" каналы көк бөрү сүйүүчүлөрүнө оюндардын жүрүшүн ар күн сайын көрсөтүп турат.

Бул дүйнө биринчилигиндеги кыргызстандык команданын экинчи жеңиши. 21-августта Монголиянын курамасын 4:0 эсебинде уткан. Биздеги көк-бөрү оюну Казакстанда “көкпар” деп айтылат. Эрежелеринде да айырмачылыктар бар. Коңшулар оюнда тайгазан колдонбойт, анын ордуна атайын сызыкча чийилет. Көк-бөрүдө эреже бузган спортчу оюндан 2 мүнөткө четтетилсе, көкпарда бул убакыт 5 мүнөт деп белгиленген. Мелдеште улактын ордуна атайын жасалган тулуп колдонулду. Кыргызстанда көк бөрү сүйүүчүлөрдүн катары көбөйүүдө. Алар Казакстанда өтүп жаткан дүйнө биринчилигин көрүүнү самашат. Бирок, мындай мүмкүнчүлүк коңшу өлкөнүн өзүндө да түзүлгөн жок. Себеби түз эфир көрсөтүү үчүн керек болгон жабдуулар Астанадагы ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсүн чагылдырууга пайдаланылып жатат.
20-августта башталган мелдештер жыйырма сегизинде жыйынтыкталат. Дүйнө биринчилигине Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Кытай, АКШ башатаган 12 өлкөнүн командалары катышууда. 23-августта спортчуларыбыз түркиялык оюнчулар менен күч сынашат.