Жаңылыктар
Чолпон-Ата шаарында "Ысык-Көл 2017" экономикалык форуму башталды
Экономика
Чолпон-Ата шаарында "Ысык-Көл 2017" экономикалык форуму башталды

Быйылкы иш-чара ишкерлик багытындагы кызматташтык жана өнүгүү маселесине арналды. Форумда, айыл чарба, туризм жана экология, тоо-кен тармагы, энергетика, каржы, телекоммуникация багытында кызматташуу маселелери талкууланууда... Мындан сырткары форумда экономикадагы өзгөрүүлөр менен бирге ири бизнес долбоорлор каралды. Кыргызстан үчүн бүгүнкү күндө уникалдуу мүмкүнчүлүктөргө жол ачылганы турат. инвесторлор менен жергиликтүү ишкерлер ортосунда карым катнашты бекемдөө, жаңы ири долбоорлорду талкулоого бүгүнкү форум жакшы мүмкүнчүлүк берүүдө. Себеби Кытайдан, Россиядан, Араб өлкөлөрүнөн жана башка мамлекеттерден жалпы эки жүзгө жакын ишкерлер форумга келишкен.
Кыргызстан менен кызматташууда чет өлкөлүк ишкерлер ЕАЭБ аркылуу миллиондогон рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Биздин өлкө транзиттик милдетти аткарышы толук ыктымал. Бирок бул маселе өнөктөштөрдүн кызыкчылыгы көбөйгөндө гана ишке ашары белгилуу экенин айтышат. Серепчилердин пикиринде бул кызыкчылыктар бир катар кыйынчылыктар менен дагы коштолоору анык.Кыргызстан минералдык ресурстарга бай. Мисалы алтындын кору 566 тоннаны тузот. Мындан сырткары уукоргошун, сымап, калайдын бай кору бар экени аныкталган. Анан калса гидроэнергетикалык патенциалы чоң. Бугункукундо Кыргызстан бул көрсөткүчтүн болгону 10 гана пайызын колдонууда. Демек биздин өлкө башка өнөктөштөр менен кызматташуусун жогорулатууга умтулушу керек.
Форумдун жыйынтыгында бизнес чойронун окулдору, айыл чарба, гидроэнергетика, тоо кен ондурушу жана туризм багыттары боюнча меморандумга кол коюшту.