Жаңылыктар
Жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандардын балдарын мектепке ташуучу унаа каттамы ачылат
Кыргызстан жаңылыктары
Жаратылыш кырсыктарынан жабыркагандардын балдарын мектепке ташуучу унаа каттамы ачылат

Жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткандардын балдарын мектепке ташуучу атайын маршруттук каттам ачылат. Жаман-Адыр участкасындагы Ынтымак айылында жаңыдан салынып жаткан үйлөрдүн алды чатырларын жапты. Каримжан Сыдыковдун үйү Жалпак-Таштагы жер көчкүнүн алдында калган. Үй ээси турак-үйүнүн курулуш материалдарын убагында бузуп алууга үлгүргөн эмес. Алгачкылардан болуп, там тургузуу аракетин көргөн тургун азыр, жаңы үйүнүн чатырын жап бүтүп, ички ремонт ишине аракет көрүүдө.

Дал ушундай курулуш иштери айылдагы 566 жер тилкесинде жүрүп жатат. 35 инин дубалы тургузулуп, чатырлары жабыла баштады. Мындагы 72 үй-бүлө -Зергер, Жалпак-Таш, Чаңгет айыл аймактарындагы жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандар. Булардын ар бирине 300 миң сомдон кайтарымсыз жардамдар берилди. Жардамдын төртүнчү траншы жакынкы күндөрү берилгени турат. Мамлекет минтип, кырсыктан жабыркаган жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык колдоо көрсөтүп жаткан арада, колунда акчасы бар мекендештерибиз да четте калбай, чыныгы муктаж жарандарга материалдык жардам көрсөттү.

Турак-жайлар менен катар айылда 275 орундуу жаңы билим уясы курулуп жатат. Мындай мектептен айылга дагы бирөө салынат. Дагы эки бала-бакча, бир ФАП да түшөт. Биринчи салынып жаткан мектептин курулушун ноябрь айына бүткөрүү пландалган. Ага чейин, айылдын мектеп курагындагы балдары үчүн атайын маршруттук каттам ишке кирет. Мунун менен алар 2 чакырым алыста жайгашкан Куршабдагы мектептен убактылуу билим алып турат. Жаңы конушка зарыл болгон муктаждыктар: ичүүчү таза суу, электр жарыгы, жол маселелери чечилген.

Жаңыдан салынган 3 чакырым бул жол айылды Ош-Бишкек унаа жолуна бириктирет. Дал ушундай эле, аракеттер Өзгөндүн Ана-Кызыл аймагында да жүрүп жатат. Бул жакка, Зергер айыл аймагынан эле 106 үй-бүлө көчүп келет. Жалпы Өзгөн районунда жыл башынан берки ар кандай жаратылыш кырсыктарынан коопсуз жактарга көчүрүлүүгө тийиш болгон үй-бүлөлөрдүн саны 1039ду түзгөн. Булар үчүн Куршаб менен Төрт-Көл айыл аймактарынан 219 гектар жер аянты трансформацияланып, ар бир үй-бүлөгө 8 сотыхтан жер тилкелери бөлүнүп берилген.