Жаңылыктар
Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына карата даярдык камылгалары
Кыргызстан жаңылыктары
Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына карата  даярдык камылгалары

Эгемендүүлүк көптөн күткөн элдик майрам... 31-август - эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына карата Бишкекте жана дубандарда майрамдык иш-чараларды мыкты даярдыкта өткөрүүгө камылгалар жүрүп жатат. Дал ушул күнү көп улуттуу Кыргызстан эркиндикке жетип, элибиздин тарыхынын жаңы барагы ачылган. Борбордук “Ала-Тоо” аянтында өтчү майрамдык иш-чаралар үч бөлүктөн турат. Өлкө башчы жана башка мамлекеттик жетекчилердин катышуусунда өтө турган салтанаттын негизги расмий бөлүгү эртең менен саат онго белгиленген. Бул жолку майрамдык салтанаттын мурдагыдан айырмасы шаардыктар менен меймандар театрлаштырылган оюн-зооктун ордуна улуттук бай маданиятты даңктаган этно жана эстрадалык концертке күбө болушат. 

Ыр-бий, оюн-зооктор, спорттун ар кандай түрү боюнча таймаштар, жарыштар, өлкөдө жашаган улуттардын көргөзмө жарманкелер бул иш-чаралар эски аянтта, эс алуу бактарында жана жаңы конуштарда өтөт. Борбордогу бул майрамдык шаңдуу иш-чараларга 100ден ашык артист тартылат. 31-август эгемендиктин 26 жылдыгына карата Бишкекте салт болуп калгандай эле көк-бөрү боюнча таймаш өтөт. Майрамдык иш чаралар жеке эле борбор менен чектелбейт. Облустарда, район борборлорунда да маданий жана спорттук иш чаралар уюштурулат. Кечкисин борбордук Ала-Тоо аянтында шаардыктар жана меймандар үчүн эгемендүүлүк күнүнө карата эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерттик программа тартууланат. Майрамдык азем салют менен коштолот.