Жаңылыктар
Бишкек шаарында алгылыктуу иштер жасалууда
Экономика
Бишкек шаарында алгылыктуу иштер жасалууда

Бишкек шаарында акыркы убактарда алгылыктуу көптөгөн иштер жасалып жатат. Шаарыбыздын ички жолдору капиталдык ремонттон өттү. Ал гана эмес көп жылдардан бери көйгөй болгон таштанды иргөөчү полигонду куруу иши башталды. Муну менен катар шаар ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташый турган автобустар алмашты. Көп жылдардан бери ремонтту талап кылган жер өтмөктөр оңдоп түзөөдөн өтүп жатат дешет тургундар.  

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаардык мэриясы жаз айларында бири бирин кайталаган маршруттук каттамдарды жоюп, алардын ордуна автобустарды жүргүзө баштады. 113-маршрут 35-автобустук каттамга алмашып  ушул эле маршруттук каттамды кайталаган 114-214-213-каттамдар алынды. Ал эми жыл аягына чейин дагы жаны100 автобуст жана троллейбустардын келиши күтүлүүдө. 

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"