Жаңылыктар
Кыргыз улакчылары Түркия командасын ири эсепте утту
Спорт
Кыргыз улакчылары Түркия командасын ири эсепте утту

Астана шаарындагы "Казанат" ат майданында көкпар боюнча өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстан курамасы Түркия командасын 13:3 эсебинде жеңди. Оюндун 1-бөлүгүндө кыргыздын пайдасына 7:2 эсеби катталды.

2-бөлүктө оюн кызып, Кыргызстан курамасы 6 улак таштаганга жетишти. Ал эми түрк тарап 1 улак менен жооп кайтарды.

Маалым кыла кетсек, 24-августта кыргыз-тажик оюнчулары беттешет. Болуп өткөн оюнду бүгүн кечки саат 21:25те КТРК СПОРТ каналы көрсөтөт.

Эске сала кетсек, 22-августта курамабызы өзбек улакчыларын 11:2 эсебинде уткан. Ал эми 21-августта Монголия курамасын 4:0 эсебинде жеңишке жетишкен.