Жаңылыктар
“Мегаком” компаниясынын акциялары тике сатуу ыкмасы менен сатыкка коюлат
Экономика
“Мегаком” компаниясынын акциялары тике сатуу ыкмасы менен сатыкка коюлат

“Мегаком” компаниясынын акцияларынын 100 пайыздык пакетин сатып алууну каалаган инвесторлор 13 млрд 500 млн сомдон кем эмес сумманы сунушташы керек. 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Болсунбек Казаковдун айтымында сунуштар ушул жылдын 25-сентябрынан кеч эмес мөөнөткө чейин кабыл алынат. 

Маалыматка ылайык, уюлдук оператор “Мегаком” компаниясынын акциялары тике сатуу ыкмасы менен сатыкка коюлат. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"