Жаңылыктар
АКШ Россияга иммиграциялык эмес виза берүүнү токтотту
Саясат
АКШ Россияга иммиграциялык эмес виза берүүнү токтотту

АКШ бүткүл Россияга иммиграциялык эмес виза берүүнү белгисиз мөөнөткө токтотту. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги билдирди. 

АКШ 1-сентябрдан тарта визаны Москвадагы элчилигинен гана бере баштайт. Буга чейин Россия АКШнын Москвадагы элчилигиндеги кызматкерлердин санын 755 кишиден 455ке чейин кыскартууну буюрган. Мындай кадам менен Москва кызматкерлердин санын өзүнүн АКШдагы элчилигинде иштеген кызматкерлеринин саны менен теңдеш үчүн жасаган. АКШ элчилиги виза берүүдөгү мындай аракеттер Москва киргизген чектөө аяктаганга чейин уланарын билдирип, азыр кыскарган айрым кызматкерлерди Вашингтонго артка кайтаруу менен алектенип жатканын маалымдаган. 

Ал эми өз кезегинде Москва Американын бул кадамын тыкыр иликтеп, жооп кайтарарын айтып, алардын кадамдары Американын элине зыян тийбегидей болот деп ишендирди. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо мындай чечимди кабыл алган америкалык авторлор, бул ирет дагы Россиянын жарандарынын бийликке болгон нааразычылыгын чыңалтууга аракет кылганын баса белгиледи. 

АКШ элчилиги өз сайтында жаңы чектөөлөр кимдерге таасир берерин толук жазып, жаралган абалдан кантип чыгуунун жолдорун түшүндүрүп берген. Ага ылайык, Вашингтондун чыгарган чечимине чейин эле документтерди тапшырып, маектешүүнү күтүп жаткан жарандар дипөкүлчүлүктүн кызматкерлери менен байланышып анын датасын такташы кажет.