Жаңылыктар
Жасалма паспорт менен Сириянын сегиз жараны кармалды
Кылмыш
Жасалма паспорт менен Сириянын сегиз жараны кармалды

Казакстан бийликтери жасалма паспорт менен Сириянын сегиз жараны кармалганын билдиришти. Өлкөнүн Чек ара кызматы тараткан маалыматка ылайык, алардын алтоосу "Алматы" аэропортунан кармалган. 

Алар Тегерандан келип, Казакстанды транзиттик өлкө катары пайдаланып, Евробиримдикке кирүүнү көздөшкөнү маалым болду. Ал эми дагы экөө Британияга чыгып кетүү үчүн "Астана" аэропортуна барган кезде кармалган. Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматына караштуу Чек ара комитетинин кабарлашынча, кармалгандардын жанынан "жарым-жартылай жасалма" Болгариянын паспорттору чыккан. Тактап айтканда, ал паспорттордун бир барагы алмаштырылып, жасалма штамптар коюлган.