Жаңылыктар
Көк бөрү: Кыргызстандын курамасы түркиялыктарды 13:3 эсебинде утту
Спорт
 Көк бөрү: Кыргызстандын курамасы түркиялыктарды 13:3 эсебинде утту

Казакстанда өтүп жаткан көк бөрү дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандын курама командасы дагы бир ирет ири жеңишке ээ болду. Бул жолу спортчуларыбыз түркиялыктарды 13:3 эсебинде утту. Оюнда эки команданын айырмасы дароо эле билинди. Таймаштын алгачкы бөлүмү 7:2 эсебинде кыргыз спортчуларынын жеңиши менен аяктады.

Оюндун экинчи бөлүгү да анча айырмаланган жок. Мелдеш 13:3 эсеби менен жыйынтыкталды. Көк бөрүдө бышкан спортчуларыбыз биздеги эрежелерди коңшулардын көкпар оюну менен салыштырып, баа берүүдө.

Дүйнө чемпиондугу алгачкы ирет өткөрүлүп жатат. Анын байге фонду 18 миллион теңге же 3 жарым миллион сомду түзөт. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, АКШ, Түркия, Венгрия баштаган 11 өлкөнүн спортчулары катышууда. Кыргызстандыктар эми 24-августта кезектеги атаандашы болгон Тажикстандын курама командасы менен оюн талаасына чыгат.