Жаңылыктар
Беловодскидеги балдар психоневрологиялык интернатын 90-жылдарга салыштырууга болбойт
Кыргызстан жаңылыктары
Беловодскидеги балдар психоневрологиялык интернатын 90-жылдарга салыштырууга болбойт

Бир нече күн мурун интернетте мындан 20 жыл мурун Беловодск айылындагы балдардын психоневрологиялык интернаты тууралуу НТВ каналы тарабынан даярдалган репортаж пайда болду. Анда ачка калган балдардын үрөй учурган кебетесин көрүүгө болот. Мындан улам социалдык тармакты колдонуучулардын нервин чыңалтууга ким кызыкдар болду?,- деген суроо туулат. Ошол эле учурда бул өлкөдөгү ири саясий окуянын алдында атайылап көрсөтүлгөн кезектеги кара пиар экендиги билинип калды. 

Беловодск айылындагы балдардын психоневрологиялык интернатындагы жашоо-шарттан кабар алган жарандардын саны көбөйдү. Анткени жакында интернаттын ичинде тартылган тирукмуштай видео чыгып, интернетти жарган. Көрсө ал тасма 20 жыл мурда НТВ телеканалынан көрсөтүлүптүр. Тасмада балдарды аянычтуу шарттагы бөлмөгө кармап, жылаңач-жыртык жүргөндөрү чагылдырылган.

Мында көпчүлүгү акыл эси жагынан өспөй калгандар менен басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган балдар. Бирок алардын жашоосун башка нукка буруп, жаңы бактылуу үй-бүлөнүн катарына кошуу кызматкерлердин биринчи максаты.

Өлкө боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген 29 миң бала бар. Буга өкмөт жөлөк пулдарды төлөөдөн сырткары майып балдарын баккан ата-энелерге да акча чектеп берүүнүн жолдорун карап жатат. Бул сунушту Соцалдык өнүктүрүү министрлиги киргизген. Мындан тышкары үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча да программалар иштелип чыгып жатыптыр. Анда балдардын мындай абалга туш болушун жоюу ыкмасы каралган.