Жаңылыктар
Мас айдоочулардын айынан адам өмүрүн алган жол кырсыктары
Кырсык
Мас айдоочулардын айынан адам өмүрүн алган жол кырсыктары

Кыргызстанда үрөйдү учурган дагы эки жол кырсыгы катталды. Анын бири Сокулук-Кант жолунда болуп, мас айдоочунун айынан эки адам каза болду. Токмокто да эки унаа бетме-бет кагылышып, айдоочунун бири кырсык болгон жерде мерт кеткен. Акыркы күндөрү эле адам өлүмү менен коштолгон үчтөн ашык жол кырсыгы катталды. Баары тең мас абалында унааны башкарган айдоочулардын айынан болуп отурат. 

Соңку эки күндө эле өлкө аймагында мас абалында унаа башкарган айдоочулардын кесепетинен 7 адам өмүрү менен кош айтышты. 22-августта Чүйдүн Жаңы-Жер айылында мас айдоочу катуу ылдамдыкта бара жатып унааны башкара албай жол четиндеги 3 аял киши менен 12 жаштагы баланы коюп кеткен. 4 жөө адам кырсык болгон жерде мерт кетти. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголду.



Бир күн өткөн соң үрөйдү учурган дагы эки жол кырсыгы катталды. Анын бири Сокулук-Кант жолунда болуп, мас айдоочунун айынан эки адам каза болду. Эне бала Ауди менен жолго чыгып Ысык-Көлгө жол тартып бара жатканда каршы чыккан “Ниссан” үлгүсүндөгү унаа келип сүзгөн. Токмокто да эки унаа бетме-бет кагышып, айдоочунун бири кырсык болгон жерде мерт кетти. Катталган кырсыктардын көбү мас абалында унааны башкарган айдоочулардын айынан болуп отурат. Патрулдук милиция башкармалыгы билдиргендей мас абалында катталган жол кырсыктары былтыркы жылга караганда быйыл 40 фактыга көп катталган. Мындан улам укук коргоо органдары тиешелүү мекемелер менен чогу жол эрежесин бузгандарга каршы ар кандай чараларды ыкчамдатты.    

Жол кырсыктары коопсуздук кеңешинде да талкууланып, анда жол коопсуздук системасын реформалоо боюнча комплекстүү чаралардын долбоору тааныштырылган. Документ 6 бөлүктөн турат: жол коопсуздук процесстерин башкарууну автоматташтыруу, башкаруучулук, мыйзамдык чаралар, жол инфраструктурасынын маселелери, маалымат өнөктүктөрүн өткөрүү жана калктын маалымдуулугун арттыруу. Жыйында президент Алмазбек Атамбаев жол кырсыгын жасаган, айрыкча мас абалында унаа башкарууга отурган айдоочуларга жоопкерчиликти катаалдатуу керектигин баса белгиледи.

Жолдогу коопсуздук камсыздоо максатында учурда “Акылдуу шаар” долбоору иштелип чыккан. Анын алкагында кооптуу жол тилкелерине тосмолорду орнотулат, фото жана видеого түшүрө турган, унаанын ылдамдыгын өлчөгөн жабдуулар жана жол чырактары башкаруу системасы орнотулат.Адистердин айтуусунда долбоорду жүзөгө ашырууну иштерин ылдамдатуу керек, антпесе адам өмүрүн алган жол кырсыктары күндөн-күнгө көбөйүп жатат.