Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло байгеге ээ болду
Спорт
Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло байгеге ээ болду

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова учурда Париж шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло байге алды. 

Ал алгач кытайлык балбан Нингнинг Ронг менен чыгып, аны 6:5 эсебинде утуп алды. Тыныбекова 58 килограмм салмакка чейинки категорияда күч сынашты. Ал буга чейин германиялык Лаура Мертенсти 6:0 эсебинде жеңип, чейрек финалда нигериялык Аминат Олуваф Аденийи менен таймашып, аны 4:3 эсебинде утуп алган. 

Жарым финалда тунистик Марва Амри аттуу балбан кызга 7:8 эсебинде бир упайга утулуп калган.