Жаңылыктар
Спортчу Дарья Маслова Бүткүл дүйнөлүк универсиадада чуркоодо биринчи келди
Спорт
Спортчу Дарья Маслова Бүткүл дүйнөлүк универсиадада чуркоодо биринчи келди

Кыргызстандык жеңил атлетчи Дарья Маслова Кытайда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк универсиадада 10 чакырым аралыкка чуркоодо биринчи келди. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында маалымдалды. 

Маслова 10 чакырым аралыкты 33 мүнөт 19,27 секундда чуркап өткөн. Экинчи орунду индиялык Жадхав Санживани багындырса, үчүнчү орунду япониялык Ай Хосода алды. Дарья Маслова жеңил атлетика боюнча Азиянын эки жолку чемпиону жана Ислам тилектештиги оюндарында дагы коло байгени багындырган. 

19-августтан тарта Кытайдын Тайбэй шаарында студенттердин спорттук мелдеши өтүүдө жана ал 30-августка чейин созулат. Катышуучулар спорттун 21 түрү боюнча күч сынашат. Мелдешке Кыргызстандын атынан дзюдо, жеңил атлетика жана таэквандо боюнча сегиз спортчу катышууда. Аларды бул мелдешке жиберүү үчүн агенттик бир миллион 222 миң сом бөлдү.