Жаңылыктар
Ордо калаанын жолдорун оңдоо иштери аяктоо алдында турат
Кыргызстан жаңылыктары
Ордо калаанын жолдорун оңдоо иштери аяктоо алдында турат

Бишкек шаарында кытай грантынын эсебинен оңдолуп жаткан көчөлөрдүн төртөөсү автотранспорт үчүн ачылганын мэриянын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, Медеров көчөсү Панфилов көчөсүнөн Токтоналиев көчөсүнө чейин, Иманалиев көчөсү Түштүк магистралдан Абдрахманов көчөсүнө чейин, Саадаев көчөсү Тоголок Молдо көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин жана Гагарин көчөсүнүн Тагай бийден Айбийке көчөсүнө чейинки бөлүгү аркылуу машина айдоого болот. 

Мэрия учурда дагы 32 көчөдөгү оңдоо иштери аяктоо алдында турганын кошумчалады. Жалпысынан Кытай мамлекети бөлгөн грантка узундугу 95 чакырымды түзгөн 49 көчө оңдолот. Ошондой эле 7 көпүрө салынат.