Жаңылыктар
“Ак-Тилек” өткөрмө жайы заманбап болуп оңдолду
Чек ара
“Ак-Тилек” өткөрмө жайы заманбап болуп оңдолду

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жайгашкан “Ак-Тилек” өткөрмө жайы заманбап болуп оңдолду. Анын ачылышына премьер-министрдин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев барды. 

ЕАЭБдин талаптарына ыңгайлашуу шарттарында оңдоп-түзөөдөн өткөн бул өткөрмө жайы өзүнүн ишке жөндөмдүүлүгүн жогорулатат. Эми бул жерден келген адамдардын агымы 8 миңден 10 миңге чейин өсөт. Ал эми транспорт каражаттарынан болсо күнүнө 700дөн 1000ге чейин жеңил автоунааларды, жүк ташуучу жана автобустарды өткөрүүгө жетишет. “Ак-Тилек” өткөрүү пунктун заманбап кылып оңдоп-түзөөгө 13 миллион 400 миң сом мамлекеттик бюджеттен сарпталган.

“Экономикага абдан чоң таасир тийгизет. Буга чейин Кыргызстанга канча товар кирип, канча товар чыгып жаткандыгы боюнча так маалымат жок болчу. Болсо дагы жаңылыштыктарга жол берилип калчу. Эми шарттар түзүлдү. Белгилей кетчү нерсе, азыр Кыргызстанда экспорттун көлөмү жогорулады. Импорт дагы жакшы, бирок экспорт белгилүү деңгээлге чыкты. Ал эми чек арадан өтүп жаткан жарандарга да шарттар түзүлдү”,- деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу Мухамметкалый Абулгазиев.