Жаңылыктар
Өзгөчө кырдаалдарды көзөмөлдөгөн мекеме башчылары тажрыйба алмашууда
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөчө кырдаалдарды көзөмөлдөгөн мекеме башчылары тажрыйба алмашууда

Чолпон-Ата шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин Өзгөчө кырдаалдарды көзөмөлдөгөн мекеме башчыларынын тогузунчу жыйыны өтүп жатат. 

Ага Казакстан, Кытай, Россия, Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Пакистандан келген өкүлдөр жана эл аралык жарандык коргонуу уюмдары катышууда. Жыйында чукул кырдаалдардын алдын алуу маселелери каралууда. Талкууга төрагалык кылып жаткан Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, катышуучуларга кайрылып, бул өңдүү жыйындар - чукул кырдаалдарды болтурбоо, кыйроолорду азайтуу жана табият кырсыгы учурунда уюшкандыкта иш алып барууга жакшы өбөлгө болоорун кошумчалады. 

Жыйын эртең да уланып, тажрыйба алмашуу максатында машыгуу менен коштолот.