Жаңылыктар
Кыргызстандын алгачкы космонавты Салижан Шарипов 53 жашка чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын алгачкы космонавты Салижан Шарипов 53 жашка чыкты

Кыргызстандын алгачкы космонавты, Кыргыз Республикасынын Баатыры Салижан Шарипов 53 жашка чыкты. Ал 1964-жылы 24-августта Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган. 

Өзгөндөн орто мектепти аяктагандан кийин, Приморьедеги жогорку учкучтар окуу жайын бүтүп, Токмоктогу илимий-машыктыруучу полкто учкуч-инструктор болуп иштеп жүргөндө космонавттар борборуна кабыл алынган. Салижан Шарипов 1998-жылы 22-январда америкалык-россиялык экипаждын курамында Хьюстон шаарындагы Линдон Жексон атындагы учуу станциясынан Россиянын сексен сегизинчи, ал эми дүйнө жүзү боюнча 380-космонавт болуп, “Шаттл-Спейc” космос кемеси менен космоско учкан. 

Салижан Шарипов Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Баатыры, "Космосту өздөштүрүүдө сиңирген эмгеги үчүн", "Көрүнүктүү коомдук кызматы үчүн" жана "Орус-кыргыз достугу" медалдарынын ээси. НАСАнын "Космоско учкандыгы үчүн" эки медалын алган. Ошондой эле "Ак шумкар" жана "Амир Тимур" ордендерине татыган.