Жаңылыктар
Көк бөрү: Кыргызстан курамасы тажикстандыктарды 15:2 эсебинде утту
Спорт
Көк бөрү: Кыргызстан курамасы тажикстандыктарды 15:2 эсебинде утту

Учурда Астанада көк бөрү боюнча болуп жаткан дүйнөлүк чемпионатта Кыргызстан курама командасы Тажикстандын командасын 15:2 эсеби менен утуп алды.

"А" тайпасындагы командалардын ичинде Кыргызстан менен Тажикстандын улакчылары буга чейинки үч оюнда тең жеңишке жеткен.

21-августта башталган оюндар 27-августта аяктайт. Ал Астананын "Казанат" ат майданында өтүүдө. Ага 11 өлкө катышып жатат. "А" тайпасында Кыргызстан, Түркия, АКШ, Өзбекстан, Монголия жана Тажикстан кирген. Ал эми "В" тайпасында Казакстан, Россия, Венгрия, Кытай жана Афганистан бар.